Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.
Тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелдин кечинде ушундай чечим чыгарды. Бул тууралуу Азаттык маалымдайт
Аталган үч жетекчи биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышкан деген шек менен кармалганы 16-апрелде маалым болгон.
Депутат Рыскелди Момбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлери тарабынан жаңы муундагы биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталганды тууралуу ЖКнын жыйынында сөз кылып, Башкы прокурорго камакка алынган аткаминээрлер туурасында суроо узатты