• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Мамлекет Жогорку соттун экс-судьясы Осмоналиевдин үйүн сатыкка койду

3 Жалган куран 202317:01 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик ипотекалык компания Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылында жайгашкан эки кабаттуу турак үйдү ачык аукциондо сатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания кабарлады.

Аукцион 2023-жылдын 7-мартында саат 15:00дө Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 228 дарегинде өтөт. Аукционго катышуу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом кепилдик төлөмдү төлөп, аукцион башталганга чейин арыз берүү керек.

Сатыкка коюлган эки кабаттуу үй буга чейин Жогорку Соттун экс-судьясы Камил Осмоналиевге тиешелүү болгон. Осмоналиев 2020-жылдын декабрь айында мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, тергөө учурунда судьяга таандык делген мүлктөр аныкталган. Алардын баасы судьянын расмий кирешесинен 114 млн сомго ашып түшкөн.

УКМК судья өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып, киреше булактары жок болсо да көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганын аныктаган.

Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар.

Алгач ал УКМКнын ТИЗОсуна камакка алынып, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун чечими менен эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.

Количество просмотров: 3234