Өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурунку башчысы Алтынбек Муралиев жатак абагына которулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, А.Муралиев 2014-жылдан бери жаза өтөп жатат. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.
«Муралиев абакта 1 жыл 10 ай кармалды. Аны Бишкек шаардык соту мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартиптеги абакка 22 жылга кескен. Андан кийин Жогорку сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, 10 жылга эркинен ажыраткан», — деп айтылат маалыматта.
Басма сөз кызматынан Муралиев жазанын 2/3 бөлүгүн өтөп бүткөнүн маалымдашты. «Комиссиянын чечими менен ал жатак абагына которулду. Ал дагы 3 жыл 2 ай жазасын өтөйт», — деп белгилешти ведомстводон.
Муралиев 2014-жылдын 1-ноябрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 302-беренеси (Кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу) боюнча кармалган.
Алтынбек Муралиев мурунку премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу.
Булак: АКИpress