Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.
Акын Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган.
Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр районундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин 1969-жылы Жумгал районунун Жумгал, Фрунзе атындагы орто мектептеринде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Андан тышкары «Кыргыз туусу» гезитинде аймактык кабарчы болгон.
Бир нече орден-медалдар менен сыйланган.
Говори.ТВ агенттиги Шабданбек Кулуевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана кайгысын тең бөлүшөт.