• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мамлекеттик каналдын көз карандысыз медиа менен соттошуп жатканы абсурддук көрүнүш

22 Бирдин айы 2023 17:32 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик каналдын көз карандысыз медиа менен соттошуп жатканы абсурддук көрүнүш. Мындай пикирин «ПолитКлиника» басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова билдирди.

«Сотко кайрылуу менен чоң суммадагы каражатты талап кылып жатканынын өзү көз карандысыз медианын ишин токтотууга болгон аракет деп баалайбыз. «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамдын негизинде «ПолитКлиника» сайтын бөгөтөө боюнча маданият министрлигине дагы кайрылышкан. Кечээ министрлик маалыматтын чын же калп экенин аныктоо боюнча ыйгарым укугу болбогондуктан «ЭлТРди» бул маселе боюнча сот органдарына кайрылууну сунуштап, арызды четке каккан. Эгер сот дагы адилетүү болсо биз өзүбүздүн чындыгыбызды далилдей алабыз деген ишеничтебиз. Буга чейин чиновниктер ЖМКлар менен соттошкон учурлар болгон. Бирок эки медиа бири-бири менен соттошкон учур биринчи жолу болуп жатат. Бул ошол эле «ЭлТРдин» бизге карата доосу, «Вечерний Бишкектин» «Кактуска» карата доосу. Биринин колу менен экинчисин муунтууга болгон аракет. Өтө жаман көрүнүш»,-деди ал.

Эске салсак, 4-февралда «ПолитКлиника»  ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген тема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Ал эми ЭлТР «ПолитКлиника» өз материалы менен «компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген» деп эсептейт. Мамтелеканал «ПолитКлиникадан» видеоматериалды өчүүрүп, төгүндөө чыгарууну талап кылууда.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» сотко берип, моралдык зыян катары «ПолитКлиникадан» жалпы 10 млн сом, редакциянын өзүнөн 7 млн сом жана видеоматериалдын алып баруучусу, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 млн сом өндүрүп берүүнү суранып жатат.

Количество просмотров: 170