• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«ПолитКлиника» онлайн-медиасынын кеңсесин белгисиз адамдар карактап кетишти

3 Жалган куран 2020 13:15 Бишкек Govori.TV

3-мартка караган түнү «ПолитКлиника» онлайн-медиасынын Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан кеңсесин белгисиз адамдар карактап кетишти.

Маалымат ылайык, белгисиз кишилер терезедеги тосмону сындырып, ошол аркылуу киришкен. Алар документтерди, кагаздарды чачып, компьютерлердин биринин хард-дискин чыгарып кетишкен.

Ал эми басылманын редактору Алимова кеңсеге киргендер башка баалуу буюмдарды алышпаганын айтып, «алар ууру эмес, башка максаттагы адамдар болушу мүмкүндүгүн» белгиледи.

Редакция жамааты факт боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазды. Милиция кызматкерлери кеңсеге келип, тергөө иштерин жүргүзүүдө.

«ПолитКлиника» 2013-жылдан тарта гезит катары чыгып келген. 2017-жылдан кийин онлайн платформага өткөн.

Количество просмотров: 43