• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик каттоо кызматына жаңы жетекчи келди

18 Бирдин айы 202014:11 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик каттоо кызматына жаңы жетекчи келди. Мындан ары бул ведомствону Мамбеталиев Акын Мирович жетектейт. Ал туралуу тиешелүү буйрукка премьер-министр кол койгонун Tazabek басылмасы булактарына шилтеме берүү менен жазды.

Жаңы жетекчи буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келген.

Мамкаттоонун мурунку төрагасы Алмаз Мамбетов кызматтан 13-февралда бошотулган болчу.

Количество просмотров: 519