Мамлекеттик баалуу кагаздардын баарын өзүбүз чыгарып жатабыз. Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген отурумунда айтты.
Ага кошумчалай Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси да бул тууралуу баса белгилеп, айдоочулук күбөлүктөрдү жана унаанын техникалык паспортун арзан баада алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн айтты.