• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК: Казынага 575 млн сом которулду

5 Жетинин айы 2020 13:36 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштардын натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, тиешелүү коррупциялык кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 2020-жылдын октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын 575 млн сому которулду.

“УКМК коррупциялык кылмыштарды жасоо менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда жана бул тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берилип турат”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 77