Бишкек шаарынын комендатурасы мамлекеттик кызматкерлерге атайын берилген уруксаты жок жеке унаасы менен шаарда жүрүүгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы республикалык ыкчам штабга шилтеме берүү менен билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ыкчам штабдын жыйынында маалымдагандай, борбор калаада эле мамлекеттик органдардын кызматкерлери 100 миңдин тегерегинде.
«Алардын айрымдары аргасыз эс алууга чыкканына карабастан, кызматтык күбөлүктөрүн пайдаланып шаарда жүрүшкөн. Мындай фактыларга жол берилбеши керек, бардык кыймылга тыюу салынат. Бул мезгилде ишке тартылгандардан башка бардык мамлекеттик органдардын күбөлүгү өзгөчө абал режими учурунда жараксыз», — деди ал.