Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын эки жылдан бери рентабелдүү эмес ишмердүүлүгүн сынга алды.
Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылган жыйында аталган ишкананы жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
«Эмне үчүн мамлекет пайда көрбөгөн, андан дагы монополист ишкананы кармап турушу керек?», — деп суроо салып, министрлер кабинетинин башчысы ар бир мамлекеттик компаниянын бизнес-планы жана процесстерди түшүнүүгө башкаруучулук мамилеси болушу керектигин баса белгиледи.