• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы алмашты

27 Бирдин айы 202318:35 Бишкек Govori.TV

Мирлан Бакиров берген арызынын негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ордуна Канатбек Тургунбеков Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.

Количество просмотров: 367