Бишкек. 21.08.2019. Govori.TV
Түлөбердиев Ренат Темирбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.