• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке 191 млн сом түштү

4 Бирдин айы 2020 12:52 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке 191 млн сом түштү Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылга чейин мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 100 миллион сомго жетпей келсе, 2019-жылы электрондук сатууну жана аукционду киргизүү менен бул сумма биринчи жолу 191 миллион сомго жеткен.

«Ижарага берилген 10,5 миң мамлекеттик мүлктүн электрондук реестри иштелип чыкты. 2020-жылы сатып алуулар боюнча электрондук онлайн аукционду киргизүү жана дагы 1261 акционердик коомдорду инвентаризациялоо пландалууда. Объектилерди ижарага берүү, андан ары сатуу менен алектене турган «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси ачылды. Бул ар бир жарандын аукционго онлайн режимде катышуусуна мүмкүнчүлүк берет жана процесстин толук ачык-айкын болушун камсыз кылат»,-деди Исакулов.

Количество просмотров: 47