• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Мегакомду мамлекеттин балансына калтырууну сунуштады

3 Тогуздун айы 2018 18:10 Бишкек Govori.TV
03.10.2018.Бишкек.Govori.TV
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Мегакомду мамлекеттин балансына калтырууну сунуштады.
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Альфа Телеком» ЖАКтын “Мегаком” копаниясын мамлекеттин балансына анын ичинен ММБФте калтырууну сунуштоодо. Бул тууралуу аталган фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев журналисттерге маалымат-жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө “Биздин расмий позициябыз MegaCom мекемесин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунда калтыруу керек.
Ал Кыргызстанга жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Себеби, киреше табууда Манас аэропортанан кийин эле экинчи орунда турат. Андыктан өлкөнүн өздүк бренди боюнча калтырсак деген пландар бар- деди. Ошондой эле 2018-2020-жылдарга карата менчиктештирүү программасы бекитиле электигин кошумчалады. Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон компанияны буга чейин да бир нече жолу сатуу аракети болгон
Количество просмотров: 18