«Мүлк» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин саны 50 %га кыскартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов бүгүн маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, аз киши менен натыйжалуу башкарууга болот.
«Мүлк» мамлекеттик ишканасында жалпысынан 67 кызматкер болгон аларды 50%га кыскартып, 37 кызматкер калды. Анткени аталган ишканада чыгаша көп болгон. Мамлекеттин бюджетине аз гана акчаны которуп койгон учурлар дагы катталган. Бүгүнкү күндө «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын үстүнөн көзөмөлдү күчөттүк»,-деди Исакулов.