Сыртбай Мусаев Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басмаө сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Мусаев Сыртбай Жолдошович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.
Башка жарлыкка ылайык, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.