Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын 18-январында саат 10.00до Кыргыз улуттук драма театрында 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын иш чаралар планынын аткарылышы боюнча салтанаттуу иш-чара өткөнү жаткандыгын маалымдайт.
Иш-чаранын максаты — 2022-жылы 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктыктын жыйынтыгын чыгаруу.
Аталган иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин, КР Министрлер Кабинетинин, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, коомдук уюмдардын, фонддордун өкүлдөрү, билим берүүнүн баардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин катышуусу күтүлүүдө.
Салтанаттуу иш-чарада айлыктын алкагында аткарылган иш-чаралар тууралуу видеомаалымат берилип, фотокөргөзмө уюштурулат, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында өткөрүлгөн иш-чараларга (“Мыкты баяндамачы”, “Көп тилдүү мугалим”, “Заманбап санарип колдонмо”, “Инновациялык усулдуктар” ж.б.) активдүү катышкан мугалимдерге сыйлыктар тапшырылат.
Кыргыз тилин өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган ардагер мугалимдерге “Мыкты насаатчы” аталышындагы сыйлыктар тапшырылып, ыраазчылык каттар тапшырылат.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Тарых музейине саякат жасап, ошол эле күнү Т.Абдумомунов атындагы улуттук драма театрында өтүүчү “Төлгө” спектаклине катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.