Босого чектин 7% болгону тең салмактуулукту жаратат. Бул тууралуу депутат Талант Мамытов билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.
«Кыргызстанда партиялык система батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу өнүгө элек, ал үчүн убакыт талап кылынат. Ошондон улам өлкөдө тең салмактуулукту жаратуу максатында Жогорку Кеңештеги бир нече депутаттар тарабынан шайлоодогу 9% босого чекти 7%га түшүрүү тууралуу сунуш киргизилип жатат. Менин жеке пикиримде, ушундай өзгөрүүлөр менен баардык партияларга бирдей атаандаштык жаратабыз»,-деди Мамытов.