• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мамытов энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

22 Бештин айы 2020 11:05 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу, төрага Талант Мамытов бүгүн, 22-декабрда энергетиктерди кесиптик майрамы— өлкөнүн Энергетиктер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Талант Мамытовдун куттуктоо сөзү:

«Урматтуу энергетиктер!

Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар — Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Энергетика өлкөнүн экономикасынын флагманы, жарандардын жашоо-тиричилиги жана ири өнөр жай объектилери үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Ошондуктан, энергетика тармагы — республикабыздын туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө тармак.

Мындан туура бир кылым мурда — 1920-жылдын 22-декабрында, Кыргызстанда алгачкы гидроэлектрстанцияларды куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бүгүнкү күнү биздин энергетикалык комплекске өлкөнүн жашоо-тиричилигин камсыз кылган ири 7 ГЭС, ири 2 ЖЭБ, Токтогул суу сактагычы, жүздөгөн подстанциялар жана жүздөгөн километр электр өткөрүүчү чубалгылар, жылуулук линиялары, чакан ГЭСтер жана башка энергетика объектилери кирет, ал эми 16 миңден ашуун адис алардын күнү-түнү иштөөсүн камсыз кылууда.

Бул жылы энергетиктер коронавирус пандемиясы күчөгөн мезгилде медиктер сыяктуу эле саламаттык сактоо системасынын жана ар бир кыргызстандыктын жашоого зарыл болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн өздөрүнүн жумуш орундарында калып, ишти улантып жатышты.

Энергетикада бир нече олуттуу долбоорлор ишке ашырылды, бирок ошол эле учурда алдыда олуттуу чечимдерди жана жаӊыча ыкмаларды талап кылган заманбап чакырыктар турат. Алардын негизгилери жабдууларды андан ары модернизациялоо, энергия натыйжалуулугун, энергетикалык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн, энергетикада долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү болуп эсептелет.

Урматтуу тармактын ардагерлери!

Энергетика тармагында күчтүү, эрктүү, өз ишине чын дилинен берилген жогорку деӊгээлдеги адистер гана иштеп келген. Сиздердин талыкпаган эмгегиӊиздердин негизинде энергетика системасы түптөлгөн. Мындан ары да Сиздер өз тажрыйбаӊыздарды жана билимиӊиздерди келечектеги жаш адистерге бересиздер деп тереӊ ишенебиз.

Энергетика тармагынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ак ниет эмгеги үчүн өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.

Сиздер ар бир кыргызстандыктын үйүндөгү жарык жана жылуулук үчүн чоң жоопкерчиликти сезип, кесиптик майрамыӊыздарды жумуш ордуӊуздарда тосуп жатасыздар.

Сиздерге чыӊ ден соолук, бакыт-таалай, ишиңиздерге ийгилик каалайм!».

Количество просмотров: 159