• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мамытов Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

18 Жетинин айы 2020 18:16 Бишкек Govori.TV

 Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 18-ноябрда, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташуунун азыркы абалы тууралуу пикир алмашуу болду.

Президенттин милдетин аткаруучу россия тарапка саясий кризистен чыгууга көрсөткөн колдоосу, ошондой эле коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу өлкөдөгү татаал мезгилде Кыргыз Республикасына көрсөткөн ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Талант Мамытов өлкөлөр ортосунда ырааттуу жүрүп жаткан авиа каттамдардын санын көбөйтүү зарылчылыгын белгиледи.

«Каттамга ПЧР-тестинин жыйынтыгы терс чыккан жарандар гана өткөрүлүп жатат, бул эки өлкөнүн аймагына жаңы коронавирус инфекциясынын өтүп кетүү тобокелдигин азайтат. Ошондой эле бул чаралар эпидемиологиялык коопсуздук режимин колдоого өбөлгө болуп, биз өлкөлөр ортосундагы толук кандуу карым-катышка жана өз ара аракеттешүүгө кайта алабыз», — деп баса белгиледи Талант Мамытов.

Ошондой эле Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууда жана бекемдөөдө парламенттер аралык кызматташуу өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

«Эки өлкөнүн парламенттеринин өз ара тыгыз кызматташуусу жаратман мамилелерди түзүүгө бекем негиз болуп берет. Жогорку Кеңеш менен Россиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу КМШ ПААнын жана ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын, ошондой эле бир катар башка парламенттер аралык уюмдардын алкагында колдоого алынууда», — деп айтты ал.

Николай Удовиченко өз кезегинде россия тарап Кыргызстан менен стратегиялык жана союздаш мүнөздөгү эки тараптуу мамилелерди баалай турганын — мамлекеттердин ортосундагы интенсивдүү саясий байланыштар жана саясий диалог жүргүзүлүп турарын баса белгиледи.

Россия Кыргызстандагы саясий кырдаалдын толугу менен турукташуусуна жана өз ара пайдалуу кызматташуунун мындан ары улантылышына кызыкдар экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 44