• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мамытов Валентина Шевченкону чемпиондук курун коргоп калышы менен куттуктады

22 Жетинин айы 2020 23:32 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Лас-Вегаста өткөн UFC 255 турниринде титулун коргогондугу менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Өлкөнүн жалпы эли Сиздин таймашты чыдамсыздык менен күтүп, мушташты башынан аягына чейин тынчсыздануу менен көрүштү. Сиз Кыргызстандын сыймыгысыз жана Сиздин аркаңыздан өлкөнүн желеги дүйнөлүк спорт майданында дагы бир жолу бийик желбиреди. Чемпиондукка жол талбаган эмгек менен аракеттин аркасында салынат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздин бир тууганыңыз Антонинаны дагы ошол эле мелдештеги жеңиши менен куттуктайм. Мен сизге мындан ары дагы Кыргызстанды чет өлкөлөрдө даңазалай бересиз деп бекем ишенем, ал эми мекендештердин колдоосу жана каалоо-тилектери сизге тирек болот. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана профессионал спорттук карьераңызда жаңы-жаңы жеңиштерди каалайм», — деген Мамытов.

Эскерте кетсек, бүгүн Лас-Вегаста өткөн UFC мелдешинде Валентина Шевченко чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калды. Ал эми анын эжеси Антонина Шевченко UFC мелдешинин алкагындагы үчүнчү жеңишине жетишти.

Количество просмотров: 144