• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024
SONY DSC

«Манас» аэропорту: Кызматкерлер жумуштан алынган жок

14 Тогуздун айы 2019 14:05 Бишкек Govori.TV

Буга чейин «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчилиги 50дөн ашык адамды эч себеби жок иштен алып салганы тууралуу маалымат тараган.

Ал эми «Манас» эл аралык аэропортунан мындай көрүнүш катталбаганын айтышып, буга чейинки тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт деген билдирүү таратышты.

“Манас” эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанованын айтымында, Жарандык авиация агенттигинин жана ИКАО эл аралык системасынын нормасы боюнча авиациялык коопсуздук бирдей болушу керек.

Буга байланыштуу Бишкек “Компания Манас Менеджмент” туунду компаниясынын айрым кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунун Бишкектеги филиалынын авициялык коопсуздук кызматына которулат. Алардын маянасы жана социалдык жеңилдиктери сакталат.

Количество просмотров: 21