• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Манас» аэропортунан 10 миллион сомдук баңгизат кармалган

10 Тогуздун айы 202417:55 Бишкек Govori.TV

«Манас» аэропортунан баңгизат ташууга шектелген кыргызстандык жана чет элдиктер кармалды. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тийиштүү мекемелердин кызматкерлери тарабынан ар кайсы өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына, андан ары Казакстанга жана Россия сатуу үчүн баңгизатын ташуу уюштурулуп жатканы аныкталган.

«Баңгизат тобунун мүчөлөрү Таиланддан «гибриддик марихуана» баңги затынын өзгөчө ири партиясын тамак-аш катары көрсөтүлгөн посылка менен келерин күтүп жатышканы аныкталды. Ал эми 29-августта казакстандык жана кыргызстандыктар кармалган. Баңгизат каналынын уюштуруучусу Казакстандын жараны 1994-жылы туулган Б.Т.У экени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, кармалган баңгизаттын көмүскө базардагы баасы 10 миллион сомго бааланат.

Количество просмотров: 233