• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

“Манас” аэропортундагылар тамакка ууланышты

23 Теке 201918:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.

“Манас” аэропортунун кызматкерлери тамакка ууланышты. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 19-июлдан 21-июлга чейин 10 кызматкер кайрылган. Алардын сегизи ооруканага жаткырылып, эки киши амбулатордук дарыланууга жиберилген.Ооруканага кайрылгандар  18-июль күнү  түшкү жана кечки тамактануу үчүн аэропорттун аймагындагы «Экипаж» ашканасында даярдалган муздак куксиге ууланышкан.

Буга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору ысык аба ырайынан улам тамак-аштын, ошондой эле, даяр тамактардын тез бузуларын эскертет.

Количество просмотров: 12