• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

«Манас» аэропортунда унаанын багажынан эркек кишинин сөөгү табылды (видео, 18+)

24 Тогуздун айы 201915:14 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда «Манас» аба майданынын унаа токтоочу жайынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, маркумдун денеси токтоп турган унаанын багажынан табылган.

Govori.TVга келип түшкөн маалымат боюнча маркум акча ташып иштеп жүргөн. Маркум 39 жаштагы К.Х. Сокулуктун Фрунзе совхозунда жашачу. Улуту — уйгур. Эгиз түгөйү менен бирге иштечү.

«23-октябрда милицияга Комсомол айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал «Манас» аба майданы тарапка кетип дайынсыз болуп жаткан тууганын табышууга жардам сураган. Ошол эле күнү милиция унаанын багажынан изделип жаткан 39 жаштагы К.Хнын сөөгүн табышты. Анын денесинде зомбулуктун белгиси аныкталды», -деп билдиришти ОИИББдан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Количество просмотров: 6484