• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Манас айтып жаткан Дөөлөт Сыдыков ыйлап жиберди (видео)

12 Жетинин айы 2020 12:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүү үчүн узакка созулган Манас айтып жатат. Учурда эки саттатн ашык убакыт Манас айтып жатат. Анда ал көзүнө жаш алып айтып жатканын көрүүгө болот.

Иш-чара борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында орун алып, анда Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдө Манас айтып жатат.

Маалым болгондой, манасчы суу, тамак ичпей, дааратканага барбай Манас айтат.

Белгилей кетсек, Дөөлөт Сыдыков “Башканы коюп Манасты айт” сынагы — 1-орун, Куйручуктун 200 жылдык мааракеси — баш байге, Манас күнү – 1-орун, Уфа шаарында өткөн Бүткүл россиялык айтуучулар сынагынан 1-орун алып, лауреат аталган.

Количество просмотров: 469