• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

“Манас-Ордо” комплексин мал каптап кеттиби?

30 Теке 201814:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.07.2018. Govori.TV

Таластагы “улуттук”  статусу бар “Манас-Ордо”   комплекси каралбай, ичине жергиликтүүлөрдүн малы жайылып кеткен. Мындай маалыматты Бактияр Темиркулов деген жаран өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жүктөдү.

Анда ал комплекске зыяратка барып, анда уйлар комплексти аралап, тигилип турган розалардын арасында эч нерсе болбогондой оттоп жүргөнүн сүрөткө алып, комплекстин жетекчилигине нааразычылыгын билдирген.

Андан улам социалдык түйүндөгүлөр бул көрүнүшкө нааразы болуп, Кыргызстандагы эң ыйык, саякатчылар көп келген, кыргызстандыктардын куран окуп, түлөө жасай турган жайы минтип каралбай калганына нааразы пикирлерин жазууда.

Эске сала кетсек, жакында эле бул комплекстин кызматкерлери өз ара мушташып, алды ооруканага жатканын жазганбыз. Андан аз өтпөй “Манас-Ордо”  комплексинине караштуу аймактагы бал-бал таштар жоголгону тууралуу археолог-тарыхчылар да ММКларга билдирүү таратышты.

Азырынча, бул окуялар боюнча маданият министрлиги жооп кайтара элек.

 

Количество просмотров: 16