• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Манасчы Рысбай Исаковду аба майдандан тосуп алышты

5 Тогуздун айы 2022 13:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-октябрда “Манас -2” аэропортунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаковду тосуп алуу аземи өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов баштаган өкүлдөр тосуп алды.

Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталген болчу.

Дүйнөлүк гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннестин күбөлүгүн тапшырган.

Количество просмотров: 201