• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Маcанчиде дунгандар менен казактардын ортосунда массалык уруш чыкты (видео)

7 Бирдин айы 202023:55 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык уруш болду. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазууда.

Маалыматтарга ылайык, аталган окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Буга чейин чыккан маалыматтар боюнча Казакстандын эки айыл тургундары дунгандар жана казактардын ортосунда чыр чыкканы, 10 дой турак жай өрттөнгөнү, ок атылганы тууралуу маалыматтар тараган.

Ал эми башкаруу мекемеси “Полиция чыр-чатакты токтотуп, укук коргоо органдары абалды көзмөлдөп жатат”, — деген маалымат билдиришкен.

Белгилүү болгондой, Жамбыл облусунун Сортобе айылында эки жаран унаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык унаасына таш ыргыткан.

Количество просмотров: 12092