Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу олтурган кызматына татыктуу эместигин айтты.
Анын айтымында Жайнак Үсөн уулу «Ким макул» аттуу көрсөтүүсүнүн Манас темасына арналган чыгарылышынан кийин аларга карата кысым башталганын айтты.
«Биз Манас темасын буга чейин да бир нече жолу көтөрүп, тиешелүү көңүл бурулбай жатканын айтып келгенбиз. Бирок акыркы чынарылыштан кийин КТРКнын директору көрсөтүүнү режиссерун, редакторун өзүнө чакырып «Манасты ким тааныйт?» деген суроосун берип, эмнеге көтөрүп чыгасыңар деген. Улуттук идеологияны жүргүзүп жаткан каналдын Манаска мамилеси ушундай болуп жатса, ал ошол жерде олтурууга укугу барбы?», — деди Сыдыков.
Ал кошумчалагандай КТРКнын жетекчиси аларды мындай кысымга алуусу көрсөтүүдө Манастын ысымы берилген арактын маселеси көтөрүлгөнү себеп болгон.