• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Мандатынан ажыраган Бакиров үн катты

10 Кулжа 2023 9:17 Бишкек Govori.TV

Депутат Өмүрбек Бакиров өзү депутат болуп шайланып келген Көк-Жар шайлоо округу боюнча Бишкек шаардык административдик соту чыгарган чечим боюнча билдирүү жасады.

«7-июнь күнү, Бишкек шаардык административдик соту номер 4 Көк-жар шайлоо округунда өткөн шайлоону мыйзамсыз деп тапты. Бул акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим экени ачык көрүнүп турат. Бул шаардык администрадивдик соттун чечими менен мен макул эмесмин, мындан ары жогорку инстанцияга кайрылабыз. Мен ишенем адилеттүүлүк жеңет деп, мыйзамдуулук орнолот деп үмүт кылам. Бүгүнкү күндө мен өзүмдүн депутаттык милдетимди аткарып жатам, эл ишеним менен берген депутаттык мандатты эч кимдин тартып алып коюуга укугу жок»,-деп жазды ал.

Эске салсак, кечээ Бишкек шаарынын административдик соту 7-июндагы чечими менен №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Количество просмотров: 586