Ош облусттук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакировдун иши боюнча Ноокат райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.
Буга чейин Ноокат райондук соту Бакировду 2021-жылдагы шайлоодо добуш сатып алган деп 200 миң сом айыппул салган. 7-мартта апелляциялык арыз облустук сотто каралып, мурдагы чечим өзгөртүүсүз калтырылган.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Бакиров 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо Оштун Көк-Жар шайлоо аймагы боюнча ат салышып, утуп чыккан. Экинчи орунду алган Равшанбек Рысбаев аны добуш сатып алууга айыптап чыккан. Бирок анда бул маселе Бакировдун пайдасына чечилген.
Бирок 2022-жылы декабрь айында Рысбаев жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген жүйө менен Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бардык инстанция анын арызын канааттандырып, Бакировдун мандаты алынып, 2023-жылы сентябрда анын ордуна Жогорку Кеңешке Рысбаев депутат болуп келген.