Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин үй камагына чыгуусу тууралуу саясий серепчи Марат Казакпаев Текебаевдин саясаттан кетпей турганын жана саясий процесстерди башкары тураарын айтты.
«Азыр Текебаевдин мандаты суроо жаратууда. Бирок, ага ал депутат болобу же болбойбу ага карабастан, саясаттан кетпейт. «Ата Мекендин» башчылыгынан кетпейт, көмүскө башкарса да. Фракциянын баардык негизги чечимдери Текебаевден чыгат»,-деди эксперт.
Казакпаев 2015-жылкы шайлоодо «Ата Мекен» парламентке араң өткөнүн эскерип, эми жакшылап аракет кылуу керектигин кошумчалады
«Мунусунда партия электораттын добушун ала албай калуусу мүмкүн, бийлик сүйрөбөйт. Андыктан «Ата Мекен» аракет кылып, негизгиси акча табуусу керек. Себеби, аларда финансылык көйгөйлөр болгон жана болот»-деди Казакпаев.
Эске салсак, 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын караган. Натыйжада саясатчылар үй камагына чыгарылып, сот залынан бошотулду.