• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Марипов Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

5 Бирдин айы 2021 13:05 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Almaty digital Forum» 2021 санариптик форумуна катышуунун алкагында Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов жана Никол Пашинян өз-ара кызыкчылыкты туудурган ар кыл тармактардагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчылар кыргыз-армян экономикалык байланыштарын жана эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Никол Пашинян кесиптешин Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик жана кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады

Количество просмотров: 328