• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Марипов: Азыркы Билим берүү министри ишин улантат

1 Бирдин айы 2021 11:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы бүгүн, 1-февралда Кыргызстандын премьер-министрлик кызматына талапкерди көрсөтүү боюнча маселени карап жатат. Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка учурдагы Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду сунуштады.

Улукбек Мариповпрограммасы менен тааныштырып жаткан учурда депутат Абдывахап Нурбаев билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кызматтан алынышына каршы пикирлер болуп жатканын белгилеп, анын оюн сурады.

Ал эми Марипов төмөндөгүдөй жооп берди.

«Эгер өкмөт башчы болуп дайындалып калсам, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иштейт»,-деди Марипов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кызматтан алынышына каршы пикирин билдирип чыккан. Айтымында, көпчүлүк коалиция К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиевди бул орунга дайындаганы жатышат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган болчу.

«Көпчүлүк коалициянын жыйынында жаңы дем менен жаратмандык иштерди жасап баштаган прогрессивдүү Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан алып, ордуна Агрардык окуу жайдын ректорун, ветеринар кадрдын талапкерлиги сунушталат экен. Мындайга жол бербейли, иштеп жаткан кадрларды колдойлу», — деген Акаев.

Количество просмотров: 69