• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Марипов сел жүргөн Сузак районуна барды

23 Теке 2021 9:07 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аймактар боюнча жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Чаңгыр-Таш айылына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, катуу жааган жамгырдын кесепетинен дамба жарылып, айылдагы турак үйлөр, оорукана, мектеп, ошондой эле бала бакча суу астында калган.

Министрлер Кабинетинин башчысы кыска мөөнөттө дамбанын көлөмүн кеңейтип, аны бекемдөө керектигин, анын ичинде селдин нугун буруу үчүн атайын курулманы куруу мүмкүнчүлүгүн кароо зарылдыгын белгиледи.

«Табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүшүбүз керек. Кыргыз Республикасы көптөгөн жаратылыш кырсыктарына дуушар болгон тоолуу өлкө. Качанга чейин анын кесепеттерин жоёбуз. Биз табият кырсыктарынын алдын алуубуз керек. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери ар тараптуу жүргүзүлүшү керек. Тапкан-ташыганынан заматта айрылган карапайым адамдардын азап чегип жаткандыгы өкүнүчтүү», — деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ал кошумчалагандай, жабыркагандарга мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлүп, селдин кесепетин жоюуга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кошумча күчтөрү жана атайын техникалары тартылат.

Жабыркаган короо-жайларды кыдырып чыккан соң, Улукбек Марипов айыл тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы сел кырсыгынан 6 жашар кызы каза болгон үй-бүлөнүн абалынан кабар алып, көңүл айтты.

Белгилей кетсек, Сузак районунда селдин кесепетинен 446 үй жабыркаган, анын ичинен 118 турак үй толугу менен суу алдында калган.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын чечимине ылайык, 46 турак үй жашоого жараксыз деп табылып, тазалоо жана келтирилген зыяндарды аныктоо иштери уланууда.

Количество просмотров: 61