• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Марипов: Шадиев менен байланышым жок

2 Бирдин айы 2021 19:45 Бишкек Govori.TV

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен азыр байланышым жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов билдирди.

«Мен Ноокатта чоңойдум. Бизде «өкүл ата» деген түшүнүк жок болчу. Мага деле өкүл ата болуп бериңиз деп көп келишет. Азыр аны менен байланышым жок. Эсеп палатасында 5 жыл убакыт иштедим, качан байланышканым эсимде жок»,-деди Марипов.

Буга чейин айрым ЖМКлар Аскарбек Шадиев Улукбек Мариповдун өкүл атасы экенин жазып чыгышкан. Белгилей кетсек, экс-депутат Аскарбек Шадиев ушул тапта издөөдө. Кылмыш ишин козгоого ЖКнын Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закировдун 2 миллион сомду ыйгарып алуусу себеп болгон. Катка комитеттин төрагасы Шадиев кол коюп бергени айтылган эле.

Количество просмотров: 110