• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Марипов: Талаптарга жооп бербеген автомектептер «кара тизмеге» киргизилиши керек

18 Кулжа 2021 13:25 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Фейсбуктагы» өздүк баракчасына жазды.

Анын айтымында, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын күнөөсүнөн улам келип чыгууда.

«Айдоочуларды даярдоо сапатын да эстен чыгарбоо керек. Автомектептер акыркы ирет 2018-жылы текшерилген. Учурда автомектептерди текшерүү жүргүзүлө турген тутум жана критерийлерди кайрадан карап чыгуу зарыл. Белгиленген талаптарга жооп бербеген автомектептер лицензиядан биротоло ажыратылып, «кара тизмеге» киргизилиши керек. Ар бир айдоочу жол кыймылынын эрежелерин, жолдордогу сабаттуу жана тийиштүү жүрүм-турум эрежелерин так сактоосу жана өзүнүн өмүрү үчүн гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларынын коопсуздугу үчүн да жооптуу экендигин түшүнүшү керек. Айдоочулук маданиятты бала кезден эле калыптандырышыбыз керек. Мектептерде балдарга автоунаанын жана жолдо жүрүү коопсуздугунун принциптерин үйрөтө турган атайын курстарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыгуу керек. Жол кырсыктардын, анын ичинде оор кесепеттерге алып келген кырсыктардын себептерине жолдордун абалы гана кирбейт. Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын күнөөсүнөн улам келип чыгууда. Тийиштүү мамлекеттик органдар жолдордогу кооптуу жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турумдун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүшү зарыл»,-деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 235 автомектеп бар. Анын ичинен 119на эскертүү берилген, 14нө айып пул салынып, 13нүн ишмердиги үч айга убактылуу токтотулган.

Количество просмотров: 262