• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Марипов жана Мамин кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

20 Баш оона 2021 16:56 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Маминдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча өз-ара аракеттешүүнүн бир катар актуалдуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин эки өлкө ортосундагы, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиги алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Ошондой эле ал экономикалык активдүүлүктүн бара-бара калыбына келип жаткандыгын жана соода жүгүртүүдөгү оңдуу көрсөткүчтөрдү белгиледи. Атап айтканда, ушул жылдын январь-май айларында өз ара товар жүгүртүү 495,6 миллион долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,4 %га көп.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы эки өлкө аймагы боюнча жарандардын жана транспорттук каражаттардын, анын ичинде транзиттик жүк ташуулардын эркин жүрүүсү үчүн чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргызстан өнөктөштөр менен тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жакшыртуу жана жеңилдетүү боюнча ачык талкуу өткөрүүгө даяр экендигине ишендирип кетким келет. Биз үчүн, өзгөчө пандемия маалында жүк ташуучуларга жагымдуу шарттарды түзүү иретинде мындан ары чек араларыбыздагы туруктуу абалдын сакталышы маанилүү», — деди Улукбек Марипов.

Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин өз кезегинде казак тарап дагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенине ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын 2-апрелинде тараптар кол койгон кыргыз-казак Өкмөттөр аралык Кеңешинин 9-отурумунун Протоколуна жүк ташуу процессин жеңилдетүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө Протоколго кол коюлду. Ошондой эле ушул жылдын сентябрь айында күздүк себүү үчүн казак тараптан 1 миң тонна үрөн бөлүү тууралуу маселеси макулдашылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жана Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү концепциясына кол коюшту.

Количество просмотров: 140