Ичинде актай кагаз салынган эки кат Эгизбаевге көзү тирүү кезинде, 16-июлда “Кыргыз почтасы” аркылуу келген. Ал кат А.Үсөнбаев көчөсү 24, 4-батир дарегинен жөнөтүлгөн. Кат ээсинин аты-жөнү «Ю.В.Охналёва» деп жазылган. Сотко доо арыз берилгени тууралуу маалымдама катта да адвокаттын ысымы, дареги дал ушундай жазылган. Сотко чакыруу кагазы «Азаттык» радиосуна 24-июлда тапшырылган.
Жогоруда аты аталган Юлия Охналёва — Уланбек Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү үчүн сотко берген Бишкектин Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовдун жана ушул эле көрүстөндүн кызматкери Алихан Алиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат.
“Азаттык” 27-июлда Юлия Охналёванын өзү менен байланышканда, ал жогорудагы сотко жиберген арыздын ээлеринин адвокаты экенин бышыктады, бирок «бош кат эмес, доо арыздын көчүрмөсүн жөнөткөнүн» кыскача гана айтып телефонду коюп салды:
Мен бош кат жөнөткөн эмесмин, мен доо арыздын көчүрмөсүн жөнөткөм. Бош кат деп ойлоп атсаңар — ал силердин маселеңер.
Сотко доо арыз берген Чыңгыз Апасов менен Алихан Алиев Юлия Охналёва алардын адвокаты экенин ырастап, мезгилсиз каза тапкан Уланбек Эгизбаевге карата доо арыздарынан баш тартуу ниети бар экенин билдиришти.
Булак: Азаттык