• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Маркум журналист Уланбек Эгизбаев «Эрдик» медалы менен сыйланды

30 Баш оона 2018 16:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2018.Govori.TV. 

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, «Азаттыктын» иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев «Эрдик» медалы менен сыйланды.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 30-августта тараткан маалыматта «Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөнү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана жигердүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосунович (каза болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйланды» деп жазылган.
Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдөгү Акун пансионатында эс алып жүргөн кезде чууга чөгүп каза болгон.
Бүгүн Уланбек Эгизбаев туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылында маркумдун кыркылыгы өтүп жатат.
Количество просмотров: 32