• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Маркумдун сөөгүн кабырга ыргытып жаткан видео боюнча маалымат берилди

10 Теке 202016:30 Бишкек Govori.TV

Акыркы күндөрү, социалдык тармактарда маркумдардын сөөгүн кабырга ыргытып жаткан видео тарап жатат. Бул чындыкка дал келбеген видео. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган видео
Индия мамлекетинде тартылган, аны калк арасында «В городе Бишкек. Скрытая камера», -деп таратып жаткан адамдар бар.

«Кыргызстанда ар бир сөөк шарият көрсөткөн тартип, урмат-сый менен жерге берилүүдө. Маркумду акыркы сапарга узатууда жакын туугандары катышып, жаназа окулуп, кырдаалга жараша сактык чараларын сактоо менен коюлууда»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле штаб маалымат таратууда этият болууга чакырат.

«Урматтуу мекендештер! Эгер фейк маалымат көрүп, бүдөмүк ойлор жаралса аны башкаларга бөлүшпөй, тийишттүү мамлекеттик органдардан тактаңыздар. Жалган маалыматты башкаларга таратуу менен адамдарга зыян келтирип, тынчсызданып жаткан бейтаптардын саламаттыгына олуттуу зыян алып келиши мүмкүн экенин эсиңизден чыгарбаңыз!»,-деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 29691