• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Марлен Маматалиев: Абиров азыр катуу өкүнүп жатса керек…

14 Жалган куран 2023 16:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, кесиптеши Жаныбек Абиров аралашкан мушташ боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Ал Абировдун учурда болуп жаткан окуяга өкүнүп жаткан болуш керек. Бул мушташ эмнеден келип чыккандыгы боюнча Абиров өзүнүн пикирин айта элек. Айткандан кийин анан жыйынтык чыгарса туура болот деген оюн айтты.

Эске салсак, 12-марттын кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде мушташ болгону тууралуу видео социалдык тармактарга тараган. Андагылардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени айтылган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү мушташ Бишкектеги «Золотой дракон» ресторанында болгонун, учурда иликтөө башталганын билдирген.

13-мартта  Абиров аралашкан мушташка тиешеси бар делип, эки жаран кармалды. Ресторанда таяк жеп Улуттук госпиталга түшкөн жаран арыз жазган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, шектүү катары 34 жаштагы жана 35 жаштагы эки адам кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 2463