• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Абировдун мандат тапшырышы. Кайра шайлоо өтөт

27 Жалган куран 2023 14:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу Govori.TVга БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, кайра шайлоо 2 айдын ичинде дайындалат.

«Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатынан баш тартуу боюнча арызын жазып кетти. Мыйзамдын талаптарына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аталган арызыды карап токтом чыгарабыз. Кийин президент №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округуна шайлоо өтсүн деген жарлыкка кол коёт, 2 айдын ичинде кайра шайлоо өтөт. Бир мандатуу шайлоо округдарда кандай жагдай болбосун кайра шайлоо болот»,-деди БШК мүчөсү Жылкыбаев.

Эске салсак, 12-мартта түнкү саат 1:46 чамасында атайын чакыруу менен «Золотой Дракон» кафесиндеги абалды көзөмөлдөө үчүн келген коргоо агенттигинин кызматкерлери А.Ж. жана А. уулу А.ны Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баштаган адамдар ур-тепкиге алышкан. Ачылган кылмыштын алкагында шектүү катары А.Д. жана П.Э. кармалган. Буга чейин Башкы прокуратура Жаныбек Абировду кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган. Абиров депутаттык кол тийбестикке ээ жана аны жоопко тартуу үчүн парламенттин макулдугу керек. Мындан улам депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына Дастан Бекешев, Айгүл Айдарова Бахридин Шабазов, Медербек Саккараев Жусупбек Коргонбай уулу, Бактыбек Чойбеков, Замирбек Мамасадыков, Фархад Алимжановдор кирген.

Количество просмотров: 204