• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Замирбек Мамасадыков: Ал урушта Абировдун намысына тийген сөз айтылса керек…

14 Жалган куран 2023 14:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков эл өкүлү Жаныбек Абиров аралашкан мушташ тууралуу пикирин билдирип, ал жерде депутаттын намысын тийген сөз айтылып кеткен болушу мүмкүн. Бирок, депутат болгондон кийин туура эмес көрүнүш болуп калды деген оюн айтты.

Эске салсак, 12-марттын кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде мушташ болгону тууралуу видео социалдык тармактарга тараган. Андагылардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени айтылган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү мушташ Бишкектеги «Золотой дракон» ресторанында болгонун, учурда иликтөө башталганын билдирген.

13-мартта  Абиров аралашкан мушташка тиешеси бар делип, эки жаран кармалды. Ресторанда таяк жеп Улуттук госпиталга түшкөн жаран арыз жазган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, шектүү катары 34 жаштагы жана 35 жаштагы эки адам кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 242