• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Дастан Жумабеков: Жаныбек Абиров Жогорку Кеңеште өзүн жакшы алып жүргөн жигит

14 Жалган куран 2023 14:55 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңещтин депутаты Дастан Жумабеков кесиптеши Жаныбек Абиров аралашкан мушташ тууралуу пикирин билдирип, анын Жогорку Кеңеште өзүн жакшы алып жүргөндүгүн баса белгиледи.

Эске салсак, 12-марттын кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде мушташ болгону тууралуу видео социалдык тармактарга тараган. Андагылардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени айтылган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү мушташ Бишкектеги «Золотой дракон» ресторанында болгонун, учурда иликтөө башталганын билдирген.

13-мартта  Абиров аралашкан мушташка тиешеси бар делип, эки жаран кармалды. Ресторанда таяк жеп Улуттук госпиталга түшкөн жаран арыз жазган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, шектүү катары 34 жаштагы жана 35 жаштагы эки адам кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 2007