• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Маршрутканын эшигин ачып айдап бараткан айдоочуга айып салынды

30 Теке 202212:01 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда эл ташыган №107 маршрутканын айдоочусу унаанын эшигин ачып айдап бараткан видео тараган.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, айдоочу ичиндеги жүргүнчүлөргө кооптуу абал туудурган.

«Аталган факт КРнын Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык, автоээнбаштык болуп эсептелгендиктен, айдоочуга карата 7 миң 500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, маршрутканын айдоочусу күндүн ысыктыгына байланыштуу эшигин ачып алгандыгын айткан.

Количество просмотров: 157