• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Маршруттук таксинин айдоочусу аялды тебелетип алган учур видеого түшүп калган

26 Бештин айы 201914:58 Бишкек Govori.TV

Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу аялды тебелетип алган учур ошол жактагы дүкөндүн камерасына түшүп калган. Бул тууралуу видеону Кaktus.media агенттиги жайгаштырды.

Кошумчалай кетсек, кырсык бүгүн саат 8.15те Абдрахманов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Аял маршруткадан түшүп, унаанын дөңгөлөгүнө кулап калды. Айдоочу аны байкабай айдап кетти. Алган жаракатынан улам жабырлануучу окуя болгон жерде каза болду», — деп билдиришти күбөлөр.

Количество просмотров: 11026