Март айынан бери өлкөдө 54 адам пневмониядан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 29-июнда өкмөттөгү брифингде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 1145 адамдан пневмония аныкталды.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата 564 адам айыкты, учурда дагы 525 бейтап ооруканаларда. Алардын ичинен 408 адам Бишкек шаарында.
Жалпысынан өлкөдө 54 адам пневмониядан каза болду, алардын ичинен 48 адам Бишкек шаарында катталган.